Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

“Ата Мекен” Турганбаевдин талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Мелис Турганбаевдин талапкерлигин ички иштер министринин кызматына колдоду. Бүгүн фракция мүчөлөрү министрдин милдетин аткаруучу Турганбаевдин пландарын укту.

Талапкер алгачкы милдети катары министрликтин кадыр-баркын көтөрүүнү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүп, абактан бошотулган кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевдин иши боюнча атайын топ түзөөрүн билдирди.

Мелис Турганбаев 16-сентябрда министр Абдылда Суранчиев кызматтан кеткен соң анын ордуна ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Эми аны кызматка парламент расмий бекитиши керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG