Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

“Ар-намыс” Маданият министрлигине үч талапкер тандады


“Ар-намыс” фракциясы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сегиз талапкерден үчөөнү тандады. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгында Алтынбек Максүтов, Жылдыз Бакашева жана Урмат Үсөнов экинчи турга чыкты. Эми аталган талапкерлердин бири министрликке көрсөтүлөт.

Экинчи турдагы добуш берүү саат 15.00дө болоору күтүлүүдө.

Жылдыз Бакашева Бишкектеги Улуттук китепкананын директору, Алтынбек Максүтов режиссер, ал эми Урмат Үсөнов жеке ырчылык менен алектенет.

Буга чейин аталган министрликке 13 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын айрымдары өз талапкерлигин алып салды. Ал эми режиссер Садык Шер-Нияз жана композитор Исрадин Аманбаевдин талапкерлигин бир туугандары жогорку кызматты ээлейт деген жүйө менен “арнамысчылар” кароодон баш тартты. Мындай мамилеге Садык Шер-Нияз нааразылыгын билдирип чыкты.

Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG