Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Ашраф Гани Ооганстандын жаңы президенти деп жарыяланды


Ооганстанда жаңы президент деп Ашраф Гани расмий жарыяланды. Өлкөнүн көз каранды эмес шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өнөктүгү аяктаганын расмий билдирди, бирок кайсы талапкер канча добуш алганын, добуш берүүгө канча шайлоочу катышканын айткан жок.

Ага чейин Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла улуттук биримдик өкмөтүн түзүү тууралуу келишимге кол коюп, мурдагы каржы министри Ашраф Гани президент, ал эми мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла аткаруу бийлигин башкарат деп макулдашкан болчу.

Ооган президентин шайлоо быйыл апрелде башталган. 14-июнда өткөн экинчи айлампадагы добуштарды кайра эсептөөгө БУУнун байкоочулары катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG