Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Төрөбеков өзүнө тагылган айыпты төгүндөдү


Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков өзүнө тагылган айыпты четке какты. Депутат “Азаттыкка” буга чейин бул маселе боюнча Башкы прокуратурага чакырышканын, бирок иш козголгону тууралуу кабардар эместигин билдирди.

- Бул боюнча маалыматты азыр угуп жатам. Аны жакшылап текшерүү керек. Жасалма диплом деген бул жалган маалымат, - деди Төрөбеков.

Бүгүн Башкы прокуратура Нурлан Төрөбековго кылмыш ишин козгогон. Депутат Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу жасалма диплом алып, аны колдонуп жүргөн деп шектелүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG