Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Көмүр чыры боюнча Башкы прокуратуранын өкүлү камакка алынды


Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуртазин Жетибаев камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттон “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жетибаевге Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жана “Электр станциялары” ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте казакстандык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, аны тендерден жеңүүчү кылууга аракет кылган.

Бул үчүн “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилерин бир нече жолу коркутуп, коррупциялык схемага аралашууга көндүргөн. Мунун негизинде 27-сентябрда камакка алынды. 29-сентябрда болсо Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Буга чейин тендер чыры боюнча "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы коммерциялык директору Кемел Имановго кылмыш иши козголуп, камакка алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG