Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

AI Анна Политковскаяны эскерүү акциясын өткөрөт


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, Анна Политковскаяны эскерүү акциясын колдоого чакырды.

Уюмдун билдиришинче, 7-октябрда өтө турган эл аралык акцияда маркум журналисттин элесине таазим этилип, "сөз эркиндиги чектелген жана мамлекет тарабынан ишенимдүү корголбогон шартта иштеп жаткан" орусиялык журналисттерге тилектештик көрсөтүлөт.

Орусиялык "Новая газетанын" баяндамачысы, укук коргоочу, орус бийлигин Чеченстандагы согуш үчүн ачык сындап келген 48 жаштагы журналист Анна Политковскаяны 2006-жылы 7-октябрда белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкен.

7-октябрда өтө турган акцияга катышууга макулдугун ондон ашуун орусиялык маалымат каражаты берди. (RK)

XS
SM
MD
LG