Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

АКШ менен Ооганстан коопсуздук келишимин кабыл алышты


Бүгүн Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар менен Америка Кошмо Штаттарынын Ооганстандагы элчиси Жеймс Каннингем эки өлкөнүн атынан коопсуздук боюнча келишимге кол коюшту. Бул документке ылайык, 10 миңге жакын америкалык аскер ооган жергесинде бул өлкөдөн эл аралык коалиция күчтөрү чыгарылып кеткенден кийин да кала бермекчи.

29-сентябрда Ооганстандын жаңы шайланган президенти Ашраф Ганинин маалымат катчысы буга чейинки өлкө башчы Хамид Карзайдын позициясынан айырмаланып азыркы бийлик мындай макулдашууга каршы эмес экенин жарыялаган болчу.

Ушул апта ичинде Кабул НАТО менен да келишимге кол коюп, анын 4-5 миң эл аралык аскерин (негизинен Британия, Германия, Италия жана Түркиядан) 2014-жылдан кийин да калтыруу тууралуу макулдашканы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG