Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Саламаттык сактоо министрлигине алты талапкер көрсөтүлүүдө


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул кызматка министрдин орун басарлары Касымбек Мамбетов жана Айнура Ибраимова, дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Рустам Курманов, Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев, Улуттук госпиталдын башкы урологу Акылбек Усупбаев жана Түркиядагы кардиолог Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкерди Социал-демократтар фракциясы көрсөтүшү керек.

Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен.(JsO/BkA)

XS
SM
MD
LG