Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Чек ара сүйлөшүүсүн тездетүү боюнча Өзбекстанга нота жиберилет


Бул тууралуу өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстанга сүйлөшүүнү улантуу боюнча нота жиберген. Ага өзбек тараптан бул багытта жолугушуу өткөрүү даярдалып жатканы боюнча жооп келген. Мындан соң кыргыз өкмөтү сүйлөшүүнү тездетүү боюнча экинчи нота жибергени жатат.

Искандаров кошумчалагандай, эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча акыркы жолугушуу буга чейин Жалал-Абад шаарында өткөн. Бул жолугушууда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой, айрым аймактар боюнча гана протоколду бекитүү каалоосун билдирген.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай да калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG