Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

КСДП Саламаттык сактоо министрлигине талапкерлерди карайт


Социал-демократтар министр кызматына талапкерлерди эртең карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциядан кабарлашты. Соңку маалыматтарга ылайык, талапкерлердин тизмеси дагы бир адам менен толукталды. Ал: билими боюнча юрист, медицина тармагында иштебеген Чынара Айдаралиева экени кабарланууда.

Бул кызматка министрдин орун басарлары Касымбек Мамбетов жана Айнура Ибраимова, дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Рустам Курманов, жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев, Улуттук госпиталдын башкы урологу Акылбек Усупбаев жана Түркиядагы кардиолог Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнү кабарланган.

Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкерди Социал-демократтар фракциясы көрсөтүшү керек. Депутат Дамира Ниязалиева талапкерлерди тандоого дыкат мамиле жасаларын айтты:

- Ушул вазийпаны өкмөт башчысына эле берип койсо туура болмок. Бирок биздин фракцияга берилген. Бул өтө жоопкерчиликтүү тапшырманы биз так, жакшы аткарышыбыз керек. Ал үчүн ар бир талапкерден “кантип иштейт, эмне кылат, кандай концепциясы бар” деген бардык суроолорго жооп алышыбыз керек.

Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG