Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Акылбек Атабаев милицияга сурак берип жатат


Маңзат сатууга шектелген коомдук ишмер Акылбек Атабаев милицияга сурак берүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 10 килограмм маңзат менен колго түшүп, 21-октябрда ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камалган.

Акылбек Атабаев “Акыйкат” партиясынын мүчөсү, “Чыйыр” аттуу гезиттин башкы редактору.

Милициянын маалыматына ылайык, ал Ооганстан жана Тажикстандан Ошко ири өлчөмдө маңзат ташуу, андан ары Бишкек менен Чүйгө алып келип сатуу иштери менен алектенип жүргөн.

Азырынча Атабаевдин өзү же анын жакындары бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. (SE)

XS
SM
MD
LG