Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Бишкекте Ислам дүйнөсүнө арналган кинофестивал өтөт


Эл аралык кинофестивалга Кыргызстан, Тажикстан, Индия жана Иранда тартылган фильмдер катышат. “Бишкек – Ислам маданиятынын борбору” өнөктүгүнүн алкагындагы иш-чара 20-30-октябрь күндөрү Киночулар үйүндө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Эл аралык Ислам кызматташтыгы уюмуна калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн 57 мамлекет мүчө. Буга чейин Баку, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарлары Ислам маданиятынын борбору аталган. Бишкектен соң бул диний-маданий эстафета Алматы шаарына өткөрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG