Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Грузиянын мурдагы коргоо министри дагы 7, 5 жылга кесилди


Грузиянын мурдагы коргоо министри Бачо Ахалая 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Тбилиси шаардык соту экс-министрди 2006-жылы түрмөдөгү кыйноолор үчүн жооптуу деп тапты. Ички иштер министрлигинин мурдагы мартабалуу кызматкерлери Георгий Мазмишвили жана аги-ини Леван жана Мегиз Кардаваны 11 жылдан кести. Мегиз Кардава Грузияда жок болгондуктан сыртынан соттолду. Аларга түрмөдөгү туугандарын качырууну пландаган үч адамды өлтүргөн деген айып тагылды. Сот ал кезде Грузиянын түрмөлөрүн жетектеген Ахалая Мегиз Кардава менен чогуу туугандарын абактан качырганга көмөктөшмөкчү болгон адамдарды кыйнады деп күнөөлөндү.

XS
SM
MD
LG