Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Орусия Эстониянын айыптоосун четке какты


Расмий Москва орус учактары өлкөнүн аба мейкиндигин бузду деген Эстониянын айыптоосун четке какты. Коргоо министрлигинин өкүлү Орусиянын машыгуудагы аскер учагы Калининграддан учуп, Балтика деңизинин нейтралдуу зонасынын үстүнөн өткөнүн “Интерфакс” агенттигине билдирди. Ал мында эл аралык нормалар бузулбаганын кошумчалады.

Эстония Коргоо күчтөрүнүн башкы штабы 21-октябрда орусиянын Ил-20 учагы аба мейкиндигин бузганын айтып чыккан. Бул өлкөнүн Аба операцияларын башкаруу борбору Ил-20 Эстониянын аба мейкиндигине 500 метрдей кирип, бир минутадай турганын каттаган.

Буга чейин Украина орус учактары өлкөнүн аба мейкиндигин бузду деп айыптаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG