Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Баткенде тогуз миң гектар жер колдонулбай калды


Кайра бөлүштүрүү фондунун Баткен облусундагы 20 миң гектар айдоо жеринин тогуз миң гектары быйыл ижарага берилбестен, колдонулбай калып кетти. Бул тууралуу облустук бийликтин тогуз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат. Жердин иштетилбей калышы сугат суунун тартыштыгына байланыштуу.

Ал эми ижарага берилген 11 миң гектардын акысы 56 пайызга араң жеткен. Муну менен жергиликтүү бюджетке 20 млн. сомдой каражат түшпөй калды. (JsA)

XS
SM
MD
LG