Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Украинада парламенттик шайлоо башталды


Бүгүн, 26-октябрда Украинада улуттук парламент Жогорку Радага кезексиз шайлоо башталды. Шайлоога 29 партия ат салышууда, ага 600дөй эл аралык байкоочулар көз салып жатат. Добуш берүү Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдердин ээлигиндеги 14 райондо болбойт.

Улуттук парламент - Жогорку Радага шайлоо өлкө чыгышында украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш жүрүп жатканына карабай өткөрүлүүдө.

Шайлоо учурунда Донецк, Луганск облустарында милиция жана Украин аскерлери коопсуздукка көзөмөл кылышмакчы.

Шайлоо алдында президент Петро Порошенко бирдиктүү Украинага добуш берүүгө үндөгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG