Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Бүгүн Баткен окуясын эскерүү күнү


26-октябрь Кыргызстанда 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү катары жарыяланган. Буга байланыштуу бүгүн Коргоо министрлигинде ал окуяларда курман болгон жоокерлерди эскерүүгө арналган иш чаралар өтөт. Эскерүүгө өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, Бишкек мэриясынан тиешелүү өкүлдөр, Баткен согушунун катышуучулары, курман болгон жоокерлердин ата-энелери жана жакындары катышат.

1999-жылы Баткенге "Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу топ кол салган. Ал калабада мурда аскерде кызмат өтөп келген 600гө чукул адам кайра аскерге чакыртылган жана 82 киши набыт болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG