Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Буркина-Фасонун президенти кызматтан чегинди


Жыйырма жети жылдан бийликте турган Блэз Кампаоре ага каршы кыянатчылыктар менен коштолгон нааразылык акциялардын фонунда кызматтан чегинүүгө аргасыз болду.

Муну менен Буркина-Фасодо бийлик вакууму жаралды. Армия башчысы Оноре Траоре өзүн утурумдук мамлекет башчы деп жарыялады.

Мунун алдында кечээ Кампаоренин бийликте бешинчи мөөнөткө калышына жол ачкан мыйзам боюнча добуш берүүнү токтотуу үчүн демонстранттар парламент имаратына чабуул коюшуп, анын бир бөлүгүн өрттөп жиберишкен.

Оппозициянын ырастоосунда, кагылышууда кеминде 30дай кишинин өмүрү кыйылды. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Блэз Кампаоре бийликке алгач 1987-жылы төңкөрүш аркылуу келген болчу.

Батыш Африкадагы Буркина-Фасонун борбору Уагадугу совет доорунда ал кездеги Фрунзе менен «бир тууган шаар» байланышын түзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG