Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Калифорнияда жарылган космо учактан бир учкуч набыт болду


Түштүк Калифорнияда космостук сыноо учагы жарылып, андан бир учкуч каза болуп, бирөө жаракат алды. Мохаве чөлүндө кырсыкка кабылган SpaceShipTwo космостук туризмге багытталган учак болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Окуяга күбө болгондор космо учак негизги учактан ажырагандан кийин эле жарылганын айтышат. SpaceShipTwo космо учагын орбитага чыгарганы даярдап жатышкан.

Космо учакка эки учкуч жана алты жүргүнчү батат. Ал ар түрдүү тажрыйба жүргүзүү үчүн колдонулат. Адам башкарган космостук кеме бир нече ирет колдонууга эсептелип жасалган. Аны атайын чоң учак 20 чакырым бийиктен бөлүп учурат.

Мындай учак алгачкы жолу 2010-жылы учурулган.

XS
SM
MD
LG