Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Бишкекте аскердик мушташ чемпионаты өтүп жатат


Бүгүн, 1-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда КМШ мамлекеттери арасында аскердик мушташ боюнча достук чемпионаты башталды. Анда Орусия, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн командалары бардык салмак категорияларында күч сынашууда. Бул тууралуу Генералдык штабдан кабарлашты. Спорттук иш-чара эки күнгө уланып, жеңүүчүлөр кубок, медал жана дипломдор менен сыйланат.

Аскердик мушташ коргонуу, кол салууну ыкмаларын камтыган спорт. Буга чейин Орусиянын Самара шаарында өткөн аскердик мелдеште кыргыз спортчулары жалпы эсепте 2-орунду камсыз кылган.

Мелдештин максаты - КМШ мамлекеттер арасында аскердик достукту чыңдоо жана кызматташтыкты күчөтүү.

XS
SM
MD
LG