Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өтөт


Фестивалдын максаты - азайып бараткан жаңгак токойлорун сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу жана түшүмдү дүйнөлүк маркетингге алып чыгуу. 22-ноябрга белгиленген иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү “АгроЛид” ишканасы менен бирге эл аралык уюмдардын колдоосунда өткөрөт. Жаңгактардын түрлөрү эл назарына тартууланат.

Жалал-Абад облусунда соңку жылдары жаңгакты отун кылуу максатында кыюу күч алганын, абал ушундай уланса, 40 жылдан соң токой жоголуп кетиши мүмкүн экенин экология жаатындагы адистер белгилеп келишет.

Аймактагы 19 миң гектар токойдун 4 500 гектарын жаңгактар ээлейт. (SE)

XS
SM
MD
LG