Ашхабад шаарында бүгүн, 21-ноябрда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары жолугуп, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жыйырмадай долбоорду карап чыгышат. Андан сырткары “Эркин соода жөнүндөгү” келишимдин аткарылышы талкууланмакчы. Жыйынга катышуу үчүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев бейшемби күнү Түркмөнстанга кеткенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
“Эркин соода жөнүндөгү” келишим 2011-жылдын октябрь айында кабыл алынган. Аны Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларус, Молдова, Украина жана Орусия ратификациялаган. Өткөн жылы келишимге Өзбекстан да кошулган.
Жыйындын алкагында гуманитардык мамилелерди жандантуу маселеси да каралат. (SE)