Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Кыргызстандыктар Орусияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган


Кыргызстандын алты жараны Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн Бишкек - Москва каттамында бараткан поездден секирип кетишкен. Бул тууралуу орусиялык гезиттер Оренбург облусундагы чек ара кызматына таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-ноябрда болгон. Кыргызстандыктар поезд мамлекеттик чек араны кесип өтүп, өткөрүү бекетине жакын калганда секиришкен. Мыйзам бузгандарды чек арачылар кармаган. Алардын бири башынан жаракат алганы кабарланды.

Орусияга иштөө үчүн барып, тартип бузган мигранттарга 2 миң рублден айып пул салынып, өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды. ( TSh)

XS
SM
MD
LG