Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Швейцария менен товар айлантуу 300 миллион доллардан ашты


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Швейцария президенти Дидье Буркхальтер менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусунда айтылды.

2014-жылы Швейцария менен товар айлантуу 10 пайызга өскөн. Негизинен Швейцарияга Кыргызстан алтын-күмүштүн иштетилбеген түрүн экспорттойт. Ал эми ал жактан Кыргызстан балдардын азыктарын, мөмө-жемиш ширесин, дары-дармек жана канцелярдык товарларды импорттойт.

Бүгүн Кыргызстанга иш сапар менен Швейцариянын президенти, ЕККУнун учурдагы төрагасы Дидье Буркхальтер келди. Буркхальтер президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугуп, эки өлкө алакаларын өнүктүрүү маселесин талкуулайт.

Эки өлкө ортосунда 31 документке кол коюлган. Документте экономикалык кызматташтык, инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү программалары камтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG