Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Бишкекте “ЭкоИсламикБанктын” филиалы каракталды


Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 23-ноябрда болгон. Аталган банктын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан филиалына тапанча менен куралданган адам кирип барып, кызматкерлерди коркутуп, 1,5 миллион сом, 15 миң доллар, 174 миңге жакын теңге жана 1,5 миллион орус рублин алып кеткен.

Бул боюнча милицияга кабар берилип, кечээ кечинде карактоого шектүү адам кармалды. Ал Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG