Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Алтын чыккан аймактарда өнүктүрүү фонддору түзүлөт


Кыргызстандын алтын кени бар аймактарында өнүктүрүү фонддорун түзүү жобосу бекитилди. Өкмөттүн маалыматына караганда, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө каралган каражатты бөлүштүрүү механизми буга чейин оор болчу. Жаңы бекитилген жобого ылайык, өнүктүрүү фондуна запасы 50 тоннадан ашык алтыны бар жерден түшкөн акчанын 50 проценти которулуп турат. Ал эми запасы 50 тоннадан аз жерде 30 процент которулушу шарт.

Өлкөнүн көпчүлүк алыскы аймактары дотациялык болуп эсептелет. Кенге бай жерлер инвесторлордун кызыгуусун жаратып келет. Бирок соңку кезде инвестор менен жергиликтүү элдин ортосунда түрдүү пикир келишпестиктер чыгып, айрым ишканалар жабылып калган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG