Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Ошто Канжар Кадыралиевдин жакындары акцияга чыкты


Оштогу облустук акимиаттын алдына шаардык прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин жакындары акцияга чыгышты. Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, 200гө чукул адам Кадыралиевге козголгон кылмыш иш мыйзамсыз экенин айтып, аны камакка алуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда.

Буга чейин Өзгөн районунун бир нече тургуну опузалап акча талап кылды деп Канжар Кадыралиевге каршы арыз жазган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура өткөн апта башында Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ош шаардык милициясы Кадыралиевге издөө жарыялаган. Милиция кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жерине келбей жатканын, учурда анын кайда экени белгисиз экенин билдирүүдө.

Ал эми Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын айтып жатышат. (ErN/BkA)

XS
SM
MD
LG