Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Көп кабат үйдөн кулаган куруучу өлүмү боюнча кылмыш иш козголду


Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабат үйдөн кулап кетип каза тапкан 16 жаштагы Жаныш Мамбетакун уулунун өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, иш Кылмыш кодексинин 142-беренеси (Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча козголду. Учурда окуяны Ленин райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгачкы териштирүүлөрдүн жыйынтыгында каза тапкан улан бул курулушта эч кандай келишим түзбөй эле иштеп жүргөнү аныкталган.

Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев тиешелүү органдарга бул окуяны тыкыр териштирүү тапшырмасын берди.

Кырсык 24-ноябрда Москва көчөсүндө курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн биринде болгон. 8-кабаттан кулап түшкөн адам ооруканага жетпей каза тапкан. Ал үйдү “Экспо-Строй” компаниясы куруп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG