Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Ошто 15 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлоо факты аныкталды


Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардын мурда төрт жолу соттолгон Кундуз аттуу тургуну 15 жаштагы таанышын сойкулукка мажбурлап жүргөн. Милициянын айтымында, кыз ата-энеси менен тил табыша албай Ош шаарында жүргөндө аны алдап, ыплас иш менен алектенүүгө көндүргөн. Кыздын боюна бүтүп калып, ооруканага барганда гана бул окуя белгилүү болгон. Жакында ал төрөгөнү кабарланды.

Учурда кылмышка шектүү жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоо жайына камалды. Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул Ош шаарында акыркы апталарда эле белгилүү болгон ушул сыяктуу экинчи окуя. Апта башында өз таанышын Түркияга сексуалдык кулчулукка сатып жиберген деп шектелген аял кармалган болчу. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG