Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Жалал-Абад: Жүрөк операциясына кезек күткөндөр нааразы болууда


Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлар илим изилдөө борбору бир жарым айдан бери иштебей турат. Мындан улам операцияга кезек күткөн бейтаптар өкмөткө жана жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Ноокат районунан келген бейтап Жумабек Рахимбердиев билдирди.

Борбордун директорунун орун басары Венера Орунбаеванын айтымында, ооруканада кошумча электр жана трансформатор жоктугуна байланыштуу операция жасоо убактылуу токтотулган. Борбордун ишин калыбына келтирүүгө 8,5 млн сом керектелет.

10-октябрь күнү аталган борбордо операция учурунда электр өчүп калып, дарыгерлер ишин телефондун жарыгында улантышкан. Мындан соң бул маселе өкмөттө каралып, трансформатор менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген.

Азыр оор абалдагы 10 бейтап чукул операцияга муктаж, дагы 300гө жакыны кезекте турат. Илимий борбор 2011-жылы ачылып, быйыл жыл башынан бери 110 адамдын жүрөгүнө операция жасалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG