Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Пакистанда төрт согушкер жок кылынды


Пакистандын армиясы уруулар башкарган Түндүк Вазиристан аймагындагы аба соккудан кеминде төрт согушкер жок кылынганын билдирди. Мындан эки киши жараат алды. Полиция урандынын алдында калган жана каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтууда. Чалгындоо кызматынын өкүлү сокку урулган жайды “Хаккани” тобу колдонуп келгенин билдирди. Аталган топ 23-ноябрдагы 57 кишинин өмүрүн алган волейбол мелдеши учурундагы терактка катышы бар деп айтылууда.

Пакистан армиясы талиптерге жана чет элдик согушкерлерге каршы соккуларды 15-июнда баштаган. Ошондон бери миңге жакын согушкер жок кылынганы айтылууда. Бул операцияларга байланыштуу жарым миллионго чукул тургун үйүн таштап качкан. Алар учурда атайын лагерлерде жашап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG