Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

АКШ Өзбекстанды саясый туткундарды бошотууга чакырды


АКШнын сенаторлор тобу Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кайрылып, абактагы саясый негизде камалгандарды бошотууга чакырды. Бул боюнча кайрылууда Ооганстанга байланыштуу Америка - Өзбекстан кызматташтыгына баа берилип, ыраазылык айтылган. Бирок укук коргоочу, журналист жана жарандык активисттерди камап, кыйноого алуу эки өлкөнүн кызматташтыгына көлөкө түшүрүп, жолтоо болуп жатканы белгиленген. Алар саясый туткун катары Акзам Тургунов, Дилмурод Саидов, Салтжон Абдурахманов, Мухаммад Бекжанов жана Бобомурод Роззаковдун атын аташкан. Демократ сенаторлор Каримовду аты аталган беш жаранды гуманитардык негизде бошотууга чакырды.

Буга чейин Хельсинки комиссиясынын жыйынында өзбекстандык саясый бозгун Санжар Умаров келерки жылы болуучу президенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү саясый негиз менен камалып отурган адамдарды бошотуу талабын коюуну АКШдан суранган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG