Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Пакистанда шалга каршы эмдеген дарыгерлер өлтүрүлдү


Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында шалга каршы эмдөөчү топко белгисиз адамдар кол салып, үч дарыгер жана айдоочу каза болду. Дагы үч медкызматкер жараат алды. Эмдөө кампаниясы бул аймакта ноябрдын башынан бери жүрүп жаткан. Эки жыл ичинде 60тан ашуун дарыгер жана аларды коштоп жүргөн полиция кызматкери өлтүрүлгөн.

Радикал исламчылар медкызматкерлерди тыңчы дешип, эмдөөнү батыштын тукумсуз кылуу аракети деп эсептешет.

Пакистан шал оорусу кеңири жайылган дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири. Октябрдын башында Пакистан бийликтери жаңы шал болгон адамдардын саны 200дөн ашып кеткенин, бул 2001-жылдан берки эң жаман көрсөткүч экенин билдирген. Мындан сырткары Ооганстан жана Нигерия бул оору эң көп катталган өлкө деп эсептелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG