Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Журналисттер чек ара чатактарын иликтөөгө үйрөнүшөт


Баткенде бүгүн журналисттерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чек ара жаңжалдарын анализдөөнү үйрөтүүчү семинар башталат

Облус аймагындагы ММК өкүлдөрү жана чек аралаш айыл округунун кызматкерлери 2 күн атайын адистерден чек арадагы жаңжалдарды анализдөөгө жана чыңалууну пайда кылуучу көрүнүштөргө сереп салууга үйрөнүшөт. Иш-чараны Эл аралык толеранттуулук үчүн коомдук фонду уюштурууда.

Уюштуруучулардын белгилешинче, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек арадагы жаңжалдарды анализдеп, тирешүүнү пайда кылуучу маселелерди иликтебегендиги чырлардын чыгып кетүүсүн шарттап жатат. Мындан тышкары чек арадагы жаңжалдарды чагылдырууда ММК өкүлдөрү да кээ бир учурда абалды толук иликтебей туруп, чатак ансайын курчуп кетишин шарттаган маалыматтарды жарыялашы абалды жөнгөрүүгө кедергисин тийгизип келет. Бул иш-чара ушундай абалды эске алуу менен мындан ары чек арадагы жаңжалдарды кыскартуу максатында уюштурулууда.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG