Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Украинада жаңы парламент алгачкы отурумуна чогулат


27-ноябрда Киевде жаңы шайланып келген Жогорку Рада биринчи сессиясын баштайт. Бир ай мурун, 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиялар башкаруучу коалиция түзүүнү колго алган. Порошенконун блогу, Яценюктун “Элдик майдан” партиясы, Львовдун мэри Садовыйдын “Самопомощь” партиялары 421 орундуу Жогорку Рададан 288 орунга ээ болушкан. Бирок азырынча коалиция түзүлө элек. Буга президент Порошенко менен өкмөт башчы Яценюктун негизги орундарды көзөмөлдөө талашы себеп болуп жатканы айтылууда.

Украинада 26-октябрда Жогорку Радага мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон. Ага 29 партия катышып, жеңишке батышчыл көз караштагы беш партия жетишкен.

Украин парламентинде биринчи ирет европачыл күчтөр конструктивдүү көпчүлүктү түзүүдө.

XS
SM
MD
LG