Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Кыргыз-өзбек чек арасын бузган беш адам кармалды


Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 26-ноябрда Кадамжай чек ара бекетинен кыргыз жараны айдап келаткан “Ауди” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда анын багажында өзбекстандык беш аял жашырылганы дайын болгон. Алардын жанында ким экенин тастыктоочу эч бир документ болгон эмес.

Аялдарды жашыруун Кыргызстандын аймагына алып кирүү аракети жасалган. Кармалган адамдар УКМКнын Кадамжай райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG