Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Бакиров: Ооган өкмөтү кыргыз мугалимдерине 400 доллардан төлөп берүүгө даяр


Бул тууралуу Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип келген Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, Памирдеги кыргыздар балдарды окутуу маселесин көтөргөн. Алар Кыргызстандан мугалимдер менен дарыгерлер жиберилсе ооган өкмөтү 400 доллардан төлөп берүүгө даяр экенин билдирген.

Ошондой эле жолугушууда ооган кыргыздары өкмөттөн балдарын Кыргызстандагы мектеп-интернаттарга жайгаштырууга жардам беришин өтүнгөн.

Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 22 кишиден турган топ барып келди. Делегацияны эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жетектеп, курамында Жогорку Кеңеш депутаттары, журналисттер, дарыгерлер болду. Алар Ооган кыргыздарына алты жүк ташуучу унаага жүктөлгөн тамак-аш жана дары-дармек жеткиришти. Бул үчүн өкмөт 3 миллион сом бөлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG