Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Жогорку Радада беш фракциядан турган көпчүлүк коалициясы түзүлдү


Ага “Петро Порошенконун блогу”, Элдик фронт”, “Самопомич” “Олег Ляшконун радикалдык партиясы” жана “Батькившина” партиялары кирди.

Көпчүлүк коалициясын жалпысынан 302 депутат түздү.

Жогорку Рададагы фракциялардын жетекчилеринин ысымдары да маалым болду.

“Элдик Фронт”- Александр Турчиновду шайласа, “Самопомич” Олег Березюкту тандады. “Оппозициялык блок” фракциясынын лидери Юрий Бойко, “Батькившинаныкы” - Юлия Тимошенко болду. “Олег Ляшконун радикалдык партиясы” фракциясын Ляшко өзү жетектейт.

Ал эми “Петро Порошенконун блогу” фракциясынын лидерлигине Юрий Луценко шайланды.

Жогорку Раданын биринчи отурумуна чогулгандар үстүбүздөгү жылдын башында Евромайданда көз жумгандарды жана Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуулардан набыт болгондордун бардыгын аза күтүү мүнөтү менен эскеришти.

XS
SM
MD
LG