Бүгүн Ош аэропортунда аба ырайынан улам учактар учпай жатат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда аэропорт аймагын калың туман каптап турат. Коопсуздук чараларынан улам үч-төрт учак каттамы башка убакытка которулду.
Туман тараары менен каттамдар кайрадан план боюнча жүргүзүлө баштайт. (BkA)