Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Феликс Кулов укук коргоочу боюнча прокуратурага кайрылды


Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов укук коргоочу Олег Севериндин үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Кулов фракция жыйынында билдирди.

Буга чейин Северин Билим жана илим министрлиги окуу китептерин даярдоо боюнча тендерде Куловго таандык деген “Континент Принт” компаниясынын таламын талашып жатканын айтып чыккан. Кулов бул маалымат жалган экенин билдирип, аны текшерип чыгуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG