Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу даярдыгы талкууланды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда сөз болду. Жолугушууда Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча «жол картасын» ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Президент Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кириши үчүн «жол картасынын» бардык иш-чараларын өз мөөнөтүндө аткаруу маанилүү экенин белгиледи.

Өткөн аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу тууралуу маселе 23-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында караларын маалымдаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG