Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

ЕСтин өкүлү Москвада "Мемориалдын" кеңсесинде болду


Европа Кеңешинин Баш катчысы Турбьерн Ягланд "Мемориал" эл аралык укук коргоо уюмунун Москвадагы кеңсесинде болду. Ал колдоо көрсөтүү жана тилектештик билдирүү үчүн келгенин айтып, бул уюмду жабуу аракети болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөп жатып ал:

- "Мемориал" өз ишмердүүлүгүн уланта берүүгө тийиш. Бул өтө маанилүү. Андрей Сахаровдун доорунан бери келаткан бул маанилүү уюм жабылбашы керек, - деди.

Орусиянын Юстиция министрлигинин "Мемориалды" жабуу тууралуу арызын кароону өлкөнүн Жогорку Соту 17-декабрда улантат.

Европа Кеңешинин баш катчысы коомдук уюмдардын ишине тоскоолдук болуучу репрессиялык мыйзамдардын кабыл алынышын кескин айыптады. (RK)

XS
SM
MD
LG