Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

"Улуттар биримдиги": Бийлик Мырзакматовго бут тосууда


"Башкы прокуратура бийликке кезегинде катуу сын айткан оппозициячыл саясатчы Мелис Мырзакматовго кылмыш ишин козгоо аркылуу ага моралдык-психологиялык басым жасоого аракеттенүүдө". Мырзакматов түптөгөн "Улуттар биримдиги" партиясынын саясый кеңеши бүгүн ушундай билдирүү таратты.

Билдирүүдө "Бийлик мындай жол менен келерки жылы өтчү парламенттик шайлоого Мелис Мырзакматовду жана ал жетектеген «Улуттар биримдиги» элдик партиясын катыштырбоону көздөөдө. Партия расмий бийликтен Мырзакматовго карата саясый куугунтукту токтотууну чечкиндүү түрдө талап кылат" деп айтылат.

27-ноябрда Башкы прокуратура Мырзакматовго Оштогу эстакадалык көпүрөнү курууда мыйзам бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген берене менен кылмыш иш козгогону бүгүн маалым болду. Ушул эле күнү Ош шаардык соту Мырзакматовду камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ага издөө жарыяланды.

Прокуратуранын жүйөсүндө Мырзакматовдун буйругу менен 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке 27 млн сом зыян келтирилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG