Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Бүгүндөн тарта Казакстандан электр энергиясы келе баштайт


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Министрдин белгилешинче, Казакстан менен кыш мезгили үчүн 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын алуу боюнча макулдашуу түзүлгөн. Бирок Казакстан келишимди ар бир ай үчүн түзүп турууну сурангандыктан азырынча декабрь айына гана келишим бар.

Казакстандан келчү электр энергиясынын чек арага чейинки баасы 5 сомго айланууда. Ага салыктарды кошкондо баа 5 сом 60 тыйынга чыгып кетет.

XS
SM
MD
LG