Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Акыйкатчы жабык жайлардагы кыйноо маселесин көтөрдү


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор токтобой жатканын билдирди. Анын айтымында, былтыр акыйкатчыга 15 миңден ашуун арыз-даттануулар түшкөн. Алардын 60 пайыздан ашыгы жабык жайлардагы мыйзам бузуулар боюнча болгон. Буга байланыштуу аталган институт атайын иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайларда кылмышка шектелген жүздөгөн адамдар мыйзамсыз кармалып турганы дайын болгон. Алардын иши сотто каралбай создугуп жатат. Буга байланыштуу акыйкатчы атайын баяндама даярдап, Жогорку Кеңешке жолдогонун кошумчалады.

Кыргызстанда жабык жайлардагы укук бузуу, кыйноо кеңири тараган көрүнүш катары айтылат. 2008-жылы БУУнун кыйноого каршы конвенциясына кошулгандан кийин, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган эле. Өткөн жылы болсо Кыйноого каршы улуттук борбор түзүлүп, ага абактагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу милдети жүктөлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG