Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Ысык-Атада жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда кечээ эртең менен жол кырсыгында үч адамдын өмүрү кыйылып, төрт адам жараат алды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Токмок - Бишкек трассасынын 37-чакырымында Мерседес-Спринтер менен Тойота-Калдина жеңил унаасы сүзүшө кетип, бустун ичиндеги төрт адам жараат алган жана Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми жеңил машинанын ичиндеги эки жүргүнчү жана айдоочу мерт кеткен.

Мурдагы түндөн тарта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында калың кар жаап, жол кыймылы кыйындады. (RK)

XS
SM
MD
LG