Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Парламентте кийинки жылдын бюджети талкууланууда


Жогорку Кеңеште өлкөнүн 2015-жылга бюджетинин долбоору талкууланууда. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышууда. Бюджеттин долбооруна ылайык, кийинки жылы киреше 117 миллиард сом, ал эми чыгаша 132 миллиард сом түзөөрү болжолдонууда. Тартыштык 14 миллиард сомдон ашмай болууда. Бул сан өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,2 пайызын түзөт.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы күнгө карай Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 3 млрд. 632 млн. долларга жетти. Анын ичинен 3 млрд. 389 млн. доллар тышкы карыз, 243 млн. доллар ички карыз.

2014-жылы жети айдын ичинде мамлекеттик карыз үчүн 7 миллиарддан ашык сом төлөндү. (BkA)

XS
SM
MD
LG