Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Быйыл митингде 15 жолу мыйзамсыз кармоо катталган


Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюму менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму биргеликте өткөргөн мониторингдин жыйынтыгында айтылат. Быйыл бир жыл ичинде тынч митингге чыккандарды тартип коргоо органдары мыйзамсыз кармап кеткен 15 учур катталган. Ал эми 2012-2013-жылдары бир да факт катталган эмес.

Өткөн жылга салыштырганда митингдердин жалпы саны азайган. 2013-жылы 551 митинг болсо, быйыл жети айда 328 учур катталган.

Буга чейин “Кыргызгаздын” сатылышына, электр энергиясына тарифтин кымбатташына каршы “Жаңы муун” кыймылы өткөргөн акциялар, Бажы биримдигине байланыштуу өткөн тынч митингдер үзгүлтүккө учураган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG