Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Ала-Арча дарыясынын кооптуу аймактары көзөмөлдөнөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 17-декабрда саат 16:00 чамасында Ала-Арча дарыясында муз топтолуп, суу нугунан ашып кеткен.

Натыйжада Бишкектин Малдыбаев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тосмодо көлөмү 12 миң метр куб муз топтолуп, “Илим” орто мектебинин аянтын, Рыскулов көчөсүндө жайгашкан турак үйдү суу каптап, “Совмин” кичи районундагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө бузулган.

Буга күндүн көзү көрүнүп, кардын көп эригени себеп болгон. Министрликтен кабарлашкандай, Ала-Арча дарыясынын кооптуу аймактары көзөмөлгө коюлуп, тазалоо иштерин жүргүзүүгө атайын төрт техника тартылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG