Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

2013-жылы үй-бүлөлүк зомбулук отуз пайызга өскөн


Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, соңку төрт жылда 11 миң 500дөн ашуун үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу учур катталып, 800гө жакын кылмыш иши козголгон. “Зомбулукка кары-картаңдар, балдар жана аялдар туш болот. Көп учурда аялдар жабыр тартат”, - деди Маматалиев.

Вице-премьер-министр бул көрсөтүлгөн сан өлкөдөгү реалдуу көрүнүш эмес экенин, көптөрү менталитетке жана социалдык ажырымды болтурбоо үчүн тартип коргоо органдарына кайрылбай турганын белгиледи.

Бүгүн парламентте адам укуктары боюнча өкмөттүк угуу өтүүдө. Өкмөттүк саат “Адам укуктары боюнча кеңеш” уюмунун демилгеси менен парламенттин колдоосунда уюштурулууда. Ага бул маселеге катыштыгы бар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар катышууда.

Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында демократиялуу экени айтылып жүргөнү менен эл аралык уюмдар адам укуктары жаатында дагы эле кемчиликтер бар экенин белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG